Путин Россиянын Кыргызстандагы элчисин алмаштырды

Андрей Крутько 2012-жылдан бери Кыргызстанда элчилик кызматты аркалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Владимир Путин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун ордуна Николай Удовиченкону дайындады. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн расмий укуктук маалымат порталына жайгаштырылды. 

"Удовиченко Николай Николаевич Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчи катары дайындалсын. Крутько Андрей Андреевич Кыргызстандагы элчилик кызматынан бошотулсун", — деп айтылат документте.

Андрей Крутько 2012-жылдан бери Кыргызстанда элчилик кызматты аркалаган.