Премьерден сын уккан "Кыргыз темир жолу" жылды жакшы жыйынтыктаганын айтты

Мындан бир нече күн мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын азыркыдай абалда калышына жол берилбеши керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Өткөн жылы "Кыргыз темир жолу" ишканасы аркылуу 7,4 млн. тонна жүк ташылгандыгын аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлап, бул жакшы көрсөткүч деп билдирди.

Маалыматта 2017-жылга салыштырмалуу жүк ташуу боюнча өсүү темпи 283,1 миң тоннага көп болгону айтылды.

Жылдын жыйынтыгында "Кыргыз темир жолу" ишканасында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу өсүп, туруктуу ишмердүүлүк болгону кабарланды.

2018-жылы жүк ташуу төмөнкү иштерден улам көбөйгөн дешти.

— көмүр ташуу 160 пайызга;

— мунай заттарын ташуу 10 эсеге (жылына 6 миңден 75 миң тоннага чейин);

— курулуш жүктөрүн ташуу төрт эсеге;

— күлбото ташуу 3 эсеге көбөйгөн.

Маалыматта "Кыргыз темир жолунун" ишин жакшыртып, ташыла турган кошумча жүктөрдүн көлөмүн арттыруу максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кызматташуу түптөлгөнү айтылды.

Кыргызстан мунайды Казакстандан бажы төлөмүсүз ташуусу ыктымал
Эске салсак, эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда жүк ташууларды көбөйтүү үчүн 2018-жылдын 24-декабрында Ташкент шаарында протоколго кол коюлган.

Анткен менен мындан бир нече күн мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы сыяктуу стратегиялык объектинин азыркыдай абалда калу сунушталды.

Өкмөт башчы Абылгазиев темир жолышына жол берилбеши керектигин айткан. Ал эми жакында өкмөткө 2019-2025-жылдарга карата темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоор транспортун өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасын акционерлештирүүгө тийиштүү чараларды тездетүүнү тапшырган.