iPhone колдонуучулар аңдууда экенин аппаратты чыгарган компания билген

Компания бул кемчиликтерди жуманын аягына чейин жое турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. iPhone ээлери башкалар менен видео байланыш жасаган FaceTime тиркемесин колдонгондо киши жооп бере электе эле аны угуп, ал тургай көрө аларын капыстан билишкен. Бул туурасында "Известия" жазды.

IPhone аппараты үч камералуу болуп чыгат дешти. Apple жаңылыктары
Мындай ката тиркемеде iPhone менен программанын iOS 12.1 жана андан эскирээк түрүн пайдаланганда чыгары айтылды.

Компания бул калпыстыкты мурда билгендигин мойнуна алып, аны жуманын аягына чейин оңдоого убада берди.

Бул көйгөй октябрдын аягында жаңылык катары киргизилген топтошуп алып видео чалуу маалында, сүйлөшүү кызматынан кийин да чыгышы мүмкүн дешти.