Депутат: медицина калдыктарын утилизациялоодон көрө ыргытып жиберген оңой

Бекешевдин айтымында, медициналык калдыктарды жок кылуу абдан оор.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев фармкомпаниялардын ээлери, жеке медициналык борборлор медициналык калдыктарды утилизация кылгандан көрө ыргытып жиберген жеңил экенин айтып жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат: медицина калдыктарын утилизациялоодон көрө ыргытып жиберген оңой

Депутаттар бүгүнкү жыйында "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Анда медициналык калдыктарды, анын ичинде курамында сымап бар калдыктарды жок кылуу да каралган. Мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет.

Бекешевдин айтымында, медициналык калдыктарды жок кылуу абдан оор.

"Комиссия түзүү керек экен, алар акт түзүп, кол коюшу зарыл. Алардын көзүнчө калдыктарды өрттөп жок кылышат. Комиссиянын курамындагы 4-5 кишини алып келүү үчүн алардын ар бирине 5 миң сомдон төлөп беришет экен. Мен муну чын айтып жатам", — деди эл өкүлү.

Андыктан депутат утилизация кылуу ыкмасын жеңилдетүүнү өкмөттүн деңгээлинде карап чыгуу керектигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө аталган маселе боюнча чакырылгандар даяр эмес деген негиз менен бул маселе күн тартибинен алынды.