Бишкектик кыз зордукталып, шектүү катары милиционер кармалды

Жабырлануучу 27-январга караган түнү кордук көргөнүн айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Свердлов райондук милициясынын кызматкери Бишкектин 28 жаштагы тургунун зордуктады деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Кызга күч колдонду деп шектелгендердин арасынан бири кармалып, ал милиция кызматкери болуп чыкты.

"Ысык-Ата РИИБине Бишкектин Б.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал Новопокровка айылын аралап өткөн Чоң Чүй каналынын жээгинде 27-январга караган түнү саат 4.00дө зордукталганын айткан", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Свердлов райондук милициясынын 36 жаштагы кызматкери, милициянын старшинасы кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.