Япония командасы ирандыктарды жеңип, Азия кубогунун финалына чыкты

Бүгүн турнирдин экинчи финалисти аныкталат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Япония менен Ирандын курама командаларынын беттешинде күнчыгыштыктар 3:0 эсебинде жеңип, Азия кубогунун финалына чыкты.

Континеттин биринчилиги Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жатат. Кечээ жарым финалга чыгуучулар арасында беттеш Аль-Айн шаарындагы "Хаза Бин Зайед" стадионунда өттү.

Жеңиш алып келген топту германдардын "Вердер" командасына ойногон чабуулчу Юйя Осако жана форвард Генки Харакути киргизди.

Мурзаев: кулап баратып да көзүм топто болду
Оюндан кийин Иран командасынын машыктыруучусу Карлос Кейруш оставкага кетерин жар салды. Экинчи финалист (Бириккен Араб Эмирлиги — Катар) бүгүн, 29-январда, аныкталат. Финал 1-февралда болот.

Эске салсак, Азия кубогуна Кыргызстан катышып, татыктуу оюн өткөрүп келген. 1/8 финалга чыккан кыргыз футболчуларынын беттешине күйөрмандар ыраазы экендиктерин билдирип, аларды чоң салтанат менен тосуп алган.