БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп өлкөдө 25,7 миллион мыйзамсыз мигрант бар экенин Twitter баракчасына жазды.
"Биздин мамлекетте буга чейин айтылгандай мыйзамсыз жүргөндөр 11 000 000 эмес, 25 772 342. Бул күлкү келтирет!" — деди Трамп.
Ошол эле учурда АКШ президенти расмий статистикага абдан эле карама-каршы келген бул маалыматтарды кайдан алганын так жазган эмес.
Трамп былтыр декабрь айында Гондурас, Гватемала жана Сальвадорго каржылык жактан жардам берүүнү токтотуу ниети бар экенин билдирген. Андан сырткары, эгер Демократиялык партия Америка менен Мексиканын ортосундагы чек арага атайын тосмо куруу үчүн акча которууга макул болбосо, чек араны жаап сала турганын айтып кыр көрсөткөн.