Токмокто атчан киши супермаркетке кирип кеткен окуянын видеосу

Болжол боюнча атчан кардар мас абалда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Токмокто атчан киши супермаркеттердин бирине "соода" кылганы кирип кеткен.

Окуянын видеосун Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары жүктөдү.

Тасмада көрүнүп тургандай, ат минген киши маркеттин ичине кирип кеткен. Бирок күзөтчү убагында байкап калып аны сыртка чыгарган.

Болжол боюнча башкалардан өзгөчөлөнгөн кардар мас абалда болгон.