Радио

Бекманбетов: циркте учурда бир аттан башка жаныбар жок

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов ишти цирктин айланасын иретке келтирүүдөн баштай тургандыгын айтты.
Sputnik

Мага берилген маалымат боюнча учурда мамлекеттик циркте жалгыз эле ат бар. Бул тууралуу Фархад Бекманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, цирктин имаратында учурда жети кафе, ресторан ижарада турат.

"Кыргыз циркинин көйгөйү көп. Алардын баары эле кандайдыр бир мыйзам же чоң каражатты талап кыла бербейт. Айрымдары жетекчиликтин эрки, жүргүзгөн иши аркылуу эле чечилет. Мисалы, учурда цирктин айланасы өзүнчө жайма базарга айланган. Мындан сырткары, имараттын ичинде жети кафе, ресторан ижарада отурат. Жан-жаныбарларга келе турган болсок, мага берилген маалымат боюнча жалгыз гана ат бар. Башка майда дагы, чоң дагы жаныбар учурда цирктин балансында жок. Манеждин эскилиги, чоң имараты туруп артисттерге машыкканга шыбы бийик бөлмөлөрдүн жетишсиздиги, отургучтардын талкаланган абалы — мунун баары жетекчи чече турган иштер. Алдыда мына ушундай чарбалык иштерди жолго салууну биринчи кезекке коюп атабыз", — деди Беманбетов.

Ал аталган мекеме аймактарды кыдырып гастролго чыкканга толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, "Айтыш" коомдук фондусунун төрагасы, кинопродюсер Фархад Бекманбетов ушул жылдын 24-январында Кыргыз мамлекеттик циркине директор болуп дайындалган. Цирктин мурдагы жетекчиси Курмангазы Исанаев 2018-жылдын 20-декабрында кызматынан бошотулган болчу.