Кыргызстан мыйзамсыз кирген 16 автоунаадан миллиондогон зыян тартты

Мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 19 миллион сом зыян келтирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанга мыйзам бузуу менен 16 автоунаа алып келингенин Бажы кызматынан билдиришти.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берген экзамендер чынында кандай өтөт? Иликтөө
Автоунаалар Евразиялык экономикалык биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген. Кыргызстанга Volvo, Daf жана Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу машиналар менен 13 даана чиркегич кирген. Алардын катарында Hyundai Porter үлгүсүндөгү чакан жүк ташуучу машиналар менен Mercedes-Benz Vito аттуу минивэн бар.

Жалпысынан 19 миллион 154 миң 991 сом зыян (бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес) келтирилгени айтылды.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаалар Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментине жасалма документтер менен келген.

Бардык материал Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.