Коррупция тууралуу кабарлаган кишилерге эми сый акы берилет

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча кайда жумшалат. Президент жооп берди
Ага ылайык, мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга жана бул адамдарды коргоо үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилеп, калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөрү каралган.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Эми расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.