Өзгөчө чоң экен! Суучулдун жанында каалгыган акуланын видеосу

Гавайи аралдарынын жээгинен дүйнөдөгү эң ири делген ак акуланы видеого тартып алышкан.
Sputnik

Гавайи аралдарынын жээгинен дүйнөдөгү эң ири делген ак акуланы видеого тартып алышкан.

Өлгөн киттин этин жеш үчүн акула жээкке чыккан. Видео
Каалгый сүзгөн акула кишиге көңүл бөлбөй, өзүнчө кетип бара жаткан видеону "Вокруг света" басылмасы таратты. Маалыматта бул окуя Гавайидеги Оаху аралында жээктен 15 чакырым аралыкта тартылганы айтылган. Эксперттер бул жаныбар дүйнөдөгү ири делген акуланын бири жана узундугу алты метр экендигин айтты.

Ролик YouTube каналына жайгаштырылган.

Изилдөөчүлөр бул жаныбарды 20 жыл мурда Гваделупа жээктеринен көрүп, кийинки тагдырын билүү үчүн атайын белги салып, Deep Blue деген ысым ыйгарышкан. Акуланын жашы учурда 50нүн ары-бери жагында экендигин айтышты.