Киргизген голун жокко чыгарган калысты дарбазачы бир тепти. Видео

Испаниянын төртүнчү дивизионунда беттешкен "Сант Кугата" менен "Манллей" командаларынын беттешинде адаттан тыш окуя болду.
Sputnik

"Манллей" командасынын дарбазачысы Иван Гонсалес калысты анын киргизген голун санабай койгондо тээп жиберген.

Япония командасы ирандыктарды жеңип, Азия кубогунун финалына чыкты
Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Гонсалес бурчтан тебилген топту дарбазага киргизип эсепти 1:1 кылып теңеген. Спортчулар кубанып жаткан учурда арбитр "футболчу топту колу менен киргизди" деген жүйө менен голду эсептебей койгон.

Ызага баткан голкипер реферини жамбашка тепкенде, анысы газонго сулап жатып калды.