Жолтандабастын мас айдоочусу үч автоунаанын тамтыгын чыгара сүздү. Видео

Жабыркаган таксист учурда реанимацияда жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаада төрт автоунаа кагышкан жол кырсык болду. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Кырсыктын видеосу жарандык активист Болот Ибрагимовдун Instagram баракчасына жарыяланган. Окуя Чыңгыз Айтматов менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде түн жарымында болгон.

Видеодон такси белгиси бар автокөлүк бөлүк-бөлүк болуп темирге айланып калганын көрүүгө болот. Ал эми Lexus RX 400 жолтандабасынын алдыңкы жагы жарактан чыккан.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан Lexus үч автоунааны (Toyota жана Honda) келип сүзгөндүгүн айтышты. Милициянын маалыматына караганда, Lexus автокөлүгүнүн 33 жаштагы айдоочусу мас болгон.

Анын мындай кадамынын кесепетинен бир адам кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Маалыматта териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.