Бишкекте батирден өрт чыгып, эки милиционер адамдарды куткарып калды

Милиционерлер иске ууланып калган аялды куткарып калышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын Ислам Абдурахманов менен Мыктыбек Мурзабеков аттуу кызматкерлери өрт чыккан батирдин ичиндеги адамдарды куткарып калды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдашты.

Эки кызматкер түтүн каптаган подъездге кирип, экинчи кабаттагы өрт чыккан батирдин ичинен жети жаштагы кызды сыртка алып чыгышкан.

"Коңшу батирлердин ичинде балдар болгон. Милиция кызматкерлери аларды дагы сыртка чыгарган. Укук коргоочу Мыктыбек Мурзабеков башка батирге кирип барганда иске ууланып калган аялды көрүп, куткарып калууга үлгүргөн. Милиционерлер коңшу батирлердеги адамдарды эвакуациялап өрт өчүрүүчүлөрдү күткөн", — деп айтылат маалыматта.

Үйдүн тургундары милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.