Кайсы өлкөнүн тургундары смартфонду тез-тезден алмаштырары белгилүү болду

Жергиликтүү компаниялар калктын капчыгына туура келген смартфондорду чыгаргандыктан эл улам жаңы чыккан моделин сатып алат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Deloitte консалтинг фирмасынын изилдөөсүнө ылайык, дүйнө боюнча Кытайдын тургундары смартфонду тез-тезден алмаштырат. Бул тууралуу Xinhua агенттиги жазды.

IPhone аппараты үч камералуу болуп чыгат дешти. Apple жаңылыктары
Маалыматка ылайык, Кытай жарандарынын дээрлик 80 пайызы 2017-жылдан бери чыккан жаңы телефондорду колдонот. Ошол эле учурда бул көрсөткүч дүйнө жүзү боюнча 58 пайызды түзөт.

Deloitte фирмасы кытайлыктардын телефонду тез-тезден алмаштыруусу жергиликтүү компаниялардын калктын капчыгына туура келген смартфондорду чыгарып жатканында экенин белгилеген. Мындай нерсе элди улам жаңы чыккан техниканы сатып алуусуна мүмкүнчүлүк берет.