Караколдо унаа айдай качты делип өспүрүмдөр кармалды. Сүрөт

Шектүүлөрдүн бири уурулук жана каракчылык үчүн буга чейин соттолуп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв.— Sputnik. Каракол шаарында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны айдап качкан делип 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу ЖКККББ маалымат кызматы билдирүүдө.

25-январда 39 жаштагы киши кимдир бирөөлөр унаасын айдап качты деген арыз менен милицияга кайрылган. Айтымында, кылмыш таңкы саат 7:00дөр чамасында болгон.

"Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аталган иш боюнча күбөлөрдөн сураштырып, видеокамераларды карап, блокпостторду коюшкан. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында, ошол эле күнү Кара-Ой айылынан 16:30дар чамасында 16 жаштагы М.А жана Ж.Р аттуу Каракол шаарынын тургундары колго түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Унаа жана кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Шектүүнүн бири буга чейин каракчылык жана уурулук боюнча соттолуп чыккан. Тергөө иштери башталды.