Кырсыктап реанимацияда жаткан экс-министр Малабаевдин абалы айтылды

Экс-министр жекшемби күнү аңчылыкка чыкканда унаасы кырдан тоголонуп кеткен. Мунун кесепетинен бир адам каза болуп, үчөө жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кырсыктаган мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев реанимацияда жатат, анын үч кабыргасы сынып, мээси чайкалган. Бул туурасында Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Малабаев ооруканага кечээ саат 18.00дөр чамасында келип түшкөн.

"Малабаевдин абалы азырынча оор бойдон калууда. Анын үч кабыргасы сынган, мээси чайкалган жана көкүрөк тушу жабыркаган. Ушул эле жол кырсыктан жаракат алгандардын бири кечээ саат 23.00дө, экинчиси бир сааттан кийин түшкөн. Экөө тең реанимацияга жаткырылып, бүгүн эртең менен палатага которулду", — деди башкы дарыгер.

Мас болуп унаа сүзгөн милиционердин учурдагы абалы жана тек-жайы айтылды
Белгилей кетсек, милициянын маалыматы боюнча кечээ, 27-январда, Малабаев жакындары менен Сокулуктун "Белогорка" капчыгайына аңчылыкка чыккан. Анда Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа тоонун кыры менен бара жатып, ылдыйды көздөй тоголонуп кеткен. Мунун кесепетинен бир адам каза болуп, үчөө жаракат алган.

Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болгон. Андан соң транспорт жана коммуникация министри болуп бир жыл иштеп кеткен. Соңку мезгилде мамлекеттик кызматтарды аркалаган эмес.