БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматы Ички иштер министрлиги жана жарандык активисттер менен биргеликте Чүй облусундагы ишканаларды кыдырып келди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Алгач Миграция кызматынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер "Токмок" нефтини кайра иштетүүчү заводуна барды.
Ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэмдин маалыматы боюнча бүгүнкү күнү заводдо Кыргызстандын 74 жараны, Кытайдын 34 жараны эмгектенет.
Сюэмдин айтымында, Кытай жарандары заводдун аймагындагы жатаканада жашайт.
"2012-жылдан тартып Кытай тараптан заводдун курулушуна жана ишке киришине 60 миллиондой АКШ доллары жумшалган. Заводдун кызматкерлери жыл сайын окутулуп турат", — деди ал.
Ишкананын акционери Танвир Афтабдын айтымында, бул жерде Пакистандын үч жараны гана иштейт — өзү жана эки техникалык кеңешчиси бар.
Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүнө киргизиле турчу жаңы эрежелер тууралуу айтып берди.
"Биз тарабынан жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын катышы 80 пайыз жана 20 пайызды түзгүдөй мыйзамдык актылар даярдалып жатат. Ошондой эле ар бир чет өлкөлүк жумушчу үчүн иш берүүчүлөр тарабынан чегерилүүчү сумма жогорулатылат. Биздин божомолдорго ылайык, бул жаңы талаптар менен казына 200 миллион сомго толукталат", — деди Кудайбердиев.
Ачык текшерүү жүргүзүү максатында "Кыргыз чоролору" коомдук кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев да чакырылган.