Апта ирмеми: татар сулууларынан тоңуп калган шаркыратмага чейин

Sputnik

Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШ менен дипломатиялык мамилени үзөрүн жарыялады.

Санкт-Петербургда (Россия) Ленинград блокадасынын алынышынын 75 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол командасынын мүчөлөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Бишкектин өлүм жыттанган абасы. Келечектин 8 сүрөтү
Мексикада мунай түтүгү жарылып, каза болгондордун саны 114кө жетти. Ооруканада 33 адам жатат.

Катмандуга (Непал) көп жылдардан бери биринчи ирет кар жаады.

Бразилияда дамбаны суу жырып кетип, 37 киши каза тапты. Дагы 250 адам дайынсыз болууда.

АКШнын түндүк-чыгышындагы катуу суукка байланыштуу Ниагара шаркыратмасы тоңуп калды.

Казанда "Татарстан сулуусу — 2019" аттуу XXI республикалык сынак өттү.

Парижде (Франция) мода жумалыгы аяктады.

1 / 19
АКШнын түндүк-чыгышындагы катуу суукка байланыштуу Ниагара шаркыратмасы тоңуп калды
2 / 19
Жыл сайын кыш келгенде Бишкекти кара түтүн каптайт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Табылды Кадырбеков борбор калаадагы абанын булганышына байланышкан бир катар сүрөттөрдү тартты.
3 / 19
Айдын тутулушу, Монтевидео (Уругвай) шаарында тартылган кадр
4 / 19
Кыргызстандын футбол командасы 24-январда Азия кубогунан Бишкекке учуп келди. Аларды аэропорттон журналисттер менен күйөрмандар тосуп алды. Фанаттар футболчуларды сүрөп, кол тамгаларын алышты.
5 / 19
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол командасынын мүчөлөрүнө мамлекеттик сыйлык тапшырды. Мамлекет башчы оюнчуларга, машыктыруучуга, дарыгерлерге, дегеле кыргыз футболунун өнүгүшүнө шарт түзгөн адамдарга ыраазычылыгын билдирди. Салтанаттын акырында футболчулар президент менен селфи жасашты.
6 / 19
Москвадагы Бекасово-Сортировочное станциясындагы жүк ташуучу поезддер
7 / 19
Дештне кыштагында (Чехия) жарышка түшүүгө камынып жаткан ит
8 / 19
Швейцариялык Алексия Паганини Минскиде өткөн көркөм муз тебүү боюнча Европа чемпионатында
9 / 19
Санкт-Петербургда (Россия) Ленинград блокадасынын алынышынын 75 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү
10 / 19
Германиядагы Таунус тоосунан күндүн батып баратканы тартып алынган
11 / 19
Катмандудагы (Непал) кирпич заводунда эмгектенгендер
12 / 19
Тимур деген теке менен достошуп таанымал болгон Амур жолборсу Краснодар крайындагы зоопаркка өткөрүлдү
13 / 19
Парижде мода жумалыгы өтүп, дизайнер Жульен Фурнинин коллекциясы көрсөтүлдү
14 / 19
Мексикада 18-январда Идальго штатындагы Туспан-Тула мунай түтүгү жарылган. Кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 114кө жетти. Ооруканада 33 адам жатат.
15 / 19
Венесуэланын президенти Николас Мадуро топтошкон тарапташтарынын алдына чыгып, АКШ менен дипломатиялык мамилени үзөрүн жар салды. Каракаста Мадурого каршы массалык акциялар өтүүдө. Праламенттин спикери Хуан Гуаидо өзүн мамлекеттин убактылуу башчысы катары жарыялады. Ал эми АКШ менен бир катар мамлекеттер Гуаидону Венесуэланын легитимдүү президенти катары тааныганын билдирди.
16 / 19
Португалия курама командасы менен "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Мадриддин провинциалдык сотуна келди. Ал салык төлөбөгөнү үчүн 23 айга шарттуу кесилип, 19 миллион евро айыпка жыгылды.
17 / 19
Катмандуга (Непал) көп жылдан бери биринчи ирет кар түштү
18 / 19
Бразилияда дамбаны суу жырып кетип, 37 киши каза тапты. Дагы 250 адам дайынсыз болууда.
19 / 19
Казанда "Татарстан сулуусу — 2019" аттуу XXI республикалык сулуулар сынагы өттү