Аңчылыкка чыккан экс-министр Малабаевдин унаасы кырдан тоголонуп кетти. Сүрөт

Сокулуктун "Белогорка" капчыгайында болгон кырсыктан бир адам каза болуп, үч киши жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев бара жаткан унаа ала салып, бир адам каза болду. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Сокулук районунун "Белогорка" капчыгайында аңчылыкка бара жатканда кырсыкка кабылган.

Окуя 27-январь күнү болгон. 

"Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа тоонун кыры менен бара жатып жолдон чыгып кетип, ылдыйды көздөй тоголонуп кеткен. Айдоочу жеринде мерт болгон. Унаанын ичинде үч жүргүнчү болгон, арасында мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев бар", — деп айтылат маалыматта. 

Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген. 

Кырсыктап реанимацияда жаткан экс-министр Малабаевдин абалы айтылды
Чогултулган метериалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жол кырсыгы Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болгон. Андан соң транспорт жана коммуникациялар министри болуп бир жыл иштеп кеткен. Соңку мезгилде мамлекеттик кызматтарды аркалаган эмес.