Түнү менен иштеген киши кандай зыян тартары айтылды. Иликтөө

Адамдын саламаттыгы үчүн суткасына алты сааттан сегиз саатка чейин уктоо эң оптималдуу мерчем.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Гонконг университетинин окумуштуулары түнкү уйкусу канбаган адамдын ДНК түзүлүшү бузуларын айтты. Бүтүм тууралуу Anaesthesia журналындагы макалага таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Иммунитетти көтөрүүнүн эң оңой 5 ыкмасы айтылды
Окумуштуулардын айтымында, түнкү жумуш ДНКны кычкылдантып, бул өз кезегинде олуттуу өнөкөт илдеттерди күчөтөт.

Иликтөөнүн авторлору тажрыйбаны өздөрүнө жүргүзүшкөн. Түнү менен иштеген дарыгерлер дайым эртең менен канын анализге тапшырып турушкан. Натыйжада алардын ДНКсы күндүз иштеп, түндө тынч уктаган кесиптештериникине караганда бир топ жабыркаганы аныкталган.

Кардиологдордун Европа аймагындагы коомчулугу уйку үчүн эң оптималдуу убакыт суткасына алты сааттан сегиз саатка чейин экенин айтышкан.