Нарын шаарындагы май куюучу жайдан 120 миңдей сом тонолду

Учурда каракчыларды издөө иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. 27-январдын түнүндө саат 2:00дөр чамасында Нарын шаарындагы май куюучу жайлардын бирине беткапчан бейтааныш үч киши кирип, кассадагы 120 миңдей сомду алып кеткен. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Ага ылайык, каракчылар колуна союлдарды көтөрүп алып, кассадагы эки кишини коркутушкан.

Учурда каракчыларды издөө иштери жүрүп жатат.