Мексикада мунай түтүгүнүн жарылуусунан көз жумгандардын саны 114кө жетти

Күндөн-күнгө көз жумгандардын саны өсүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Мексикадагы күйүүчү май өтүүчү түтүктүн жарылышынан каза болгондордун саны 114кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып кабарлады.

Шаардагы ооруканаларда учурда 33 адам жатса, жабыркагандардын үчөө Американын Техас штатындагы медициналык мекемеде. Акыркы маалыматтар боюнча күйүк алган 46 адам ооруканада каза болгон.

Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек
Эске салсак, ири өрт 18-январда чыккан. Анда 350дөн ашык адам мыйзамсыз негизде Мексиканын Идальго штатындагы Туспан – Тула түтүгүн кесип, бидон жана канистрлерге күйүүчү май толтуруп жатканда жарылып кеткен.

Жыл башында Мексиканын жаңы өкмөтү бензин уурдагандарга каршы стратегиясын ишке ашырган. Бийлик түтүктөр мыйзамсыз көп кесилген аймактарга күйүүчү майды жөнөтүүнү токтотуп, аны цистерналар менен ташууга өткөн. Мындан сырткары, мунайды кайра иштеткен бардык заводдор менен стратегиялык объектилердин ташуу ишине аскер күчтөрү тартылган. Мунун айынан бензин жеткирүү ишинде тоскоолдуктар пайда болуп, май куюучу жайларда узун кезек жаралган.