Бишкекте жеңил унаа оодарылып кетип, эки адам жабыркады. Сүрөт

Жол кырсыгы 27-январь күнү Фрунзе менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Борбор калаада эки жеңил унаа кагышып, анын кесепетинен эки адам жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу күбө билдирди.

ДТП на пересечении улиц Фрунзе и Уметалиева в Бишкеке

Маалыматты милиция дагы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык бүгүн саат 11:00дөр чамасында Фрунзе менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кечилишинде болгон. Анда Subaru жана BMW үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

"Кагышуудан BMW үлгүсүндөгү машина оодарылып, жолдон чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Тез жардам барган. Кырсыктан эки адам жабыркады", — деди күбө.

Учурда милиция жол кырсыгынын себептерин териштирип жатат.