Бишкекте 24 жаштагы жигит дайынсыз жоголду. Сүрөт

Аны акыркы жолу 26-январда Жибек Жолу проспектиси менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте 24 жаштагы Али-Аскар Султанбеков дайынсыз жоголду. Бул тууралуу анын жакындары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Маалыматты Свердлов РИИБи да тастыктады.

Без вести пропавший в Бишкеке 24-летний Али-Аскар Султанбеков

Аны акыркы жолу 26-январда саат 13:00дөр чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишинен ("Народный" дүкөнүнүн жаны) көрүшкөн.

"Сары түстөгү күрмө, жашыл футболка, боз кофта жана боз джинсы кийген. Бутунда күрөң ботинка. Бою болжол менен 180 сантиметр", — деп туугандары билдирди.

Эгер кимдир бирөө Султанбековдун жүргөн жерин билсе, (0703) 33-30-01, (0556) 88-40-00, (0556) 63-30-06 телефондору аркылуу кабарлап коюуну жакындары суранат. Свердлов РИИБинин (0312) 43-28-15 же 102 номери аркылуу да байланышка чыкса болот.