Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт эки саатта өчүрүлдү

Өрт тууралуу билдирүү кечки саат 10:16да келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 23:57де толугу менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык тууралуу кабар кечки саат 10:16да келип түшкөн. Өрт 4-кичирайондогу №33 үйдүн 2-кабатынан чыккан.

"Өрт 45 чарчы метр жерге жайылып, үйдөгү эмеректер күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда", — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон эмес.