"Тайсон" кыргыздын калпагын баса кийип атаандашын тике карады. Грозныйдагы видео

Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков 26-январда Чеченстандын Грозный шаарында мелдешет.
Sputnik

Коомчулукка Тайсон каймана аты менен таанымал спортчу Канат Келдибеков ACA (Ахмат абсолюттук чемпионаты — ред.) турниринин көз караштар таймашы иш-чарасында атаандашы Хусейн Шайхаев менен жолукту. Бул туурасында уюмдун расмий YouTube каналында жүктөлгөн.

Мушкерлер 26-январда Чеченстандын Грозный шаарында 61 килограмм салмакта беттеш өткөрөт. 

Эске сала кетсек, Келдибеков Ахмат уюмунун турнирине даярдануу үчүн Махачкаладан даярданып жатканын билдирген.

"Атаандашым ММА боюнча алты турнирдин жеңүүчүсү жана өз өлкөсүндө таанымал. Андыктан мыкты даярданып, мекенимдин намысын коргошум керек", — деген спортчу.

Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу
27 жаштагы Канат Келдибеков аралаш мушташ (ММА) боюнча белгилүү мушкерлердин бири. Карьерасында 11 мелдешти утуп, үч гана ирет жеңилген. Быйыл чеченстандык таанымал спортчу Агшим Бабаевди уткандан кийин "Ахмат" лигасы менен үч беттешке келишим түзгөн. Жакында эле Бишкекте өткөн WEF Global 14 турниринде тажик спортчусун утуп, көз кандырган беттеш тартуулаган.

Sputnik жакында эле "Тайсондун" үй-бүлөсү жана жашоосу тууралуу видеоматериал даярдаган. Анда спортчу 6 жаштагы уулун дарылоого жардам сураган.