Подмосковьеде бурганактаган кардын айынан 50дөй унаа кагышты. Видео

Буга чейин Россиянын ӨКМи 26-27-январь күндөрү Москва облусу жана шаарында кар бурганактап жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-27 метрге чейин жете турганын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Симферополь шоссесинде 50гө чукул унаа кагышты. Бул туурасында РИА Новости Ички иштер министрлигинин маалымат кызматына таянуу менен кабарлады. 

Билдирмеде аталган жайда ондон ашык жол кырсыгы болгону айтылат. Учурда жолду ачып, каттамды жөнгө салуу иштери жүрүп жатат. Жол кырсыгына катаал аба ырайы себеп болгон. 

Буга чейин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-27-январь күндөрү Москва облусу жана шаарында кар бурганактап жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-27 метрге чейин жете турганын эскерткен.