Кыргыз тарыхы кытай окумуштуулары менен чогуу иликтенет

Кыргыз тарыхчысы 20-26-январь күндөрү иш сапар менен Кытайдын Пекин шаарына барган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. КР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдын Тарых изилдөө институту менен өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Молдокасымов 20-26-январь күндөрү Кытайдын Пекин шаарында болуп, аталган өлкөнүн Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушкан. Ал өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында жетишилген макулдашуулардагы "Мурас" фондусуна тиешелүү бөлүгүн ишке ашыруу максатында барган.

"Иш сапардын максаты — байыртадан берки кыргыз-кытай мамилесин чагылдырган, илим чөйрөсүнө киргизилбей калган Кытайдагы архивдик булактарды биргелешип изилдөөнү жолго коюу. Анын натыйжасында табылган тарыхый маалыматтардын негизинде кыргыз элинин тарыхын жаңыча тереңдетип изилдөө жана булак таануу жаатында кызматташууну арттыруу", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада Кыргызстан менен Кытайдын окумуштуу, тарыхчылары жана булак таануучуларынын ортосунда тажрыйба алмашуунун күчөтүлүшү, биргелешип изилдөөдө табылган материалдарды которуп жарыялоого, тарыхты терең иликтөөгө салым кошору күтүлүүдө.