Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дал ушундай аймактарды тизмектеп көрүү максатында жашоочулары менен байланышып, айылдардын кыскача тарыхын билип көрдү.
Таластагы Индия же Бомбей айылы
Эмне себептен аталышы мындай деп турсаңыз, алгач айыл кайда жайгашканын айтып берели. Индиянын расмий аталышы — Кеңеш. Ал Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан.
Айыл башчы Максатбек Сагыналиевдин айтымында, аймакта 125 түтүн жашайт. Тургундар мал чарбачылыгы менен алектенип, өзгөчө уй багууга басым жасашат. Ошондуктан айыл бекеринен Индия аталган эмес.
"Кеңеште 800гө чукул адам жашайт. Бизде жайыт кенен. Мал чарбачылыгы абдан өнүккөн. Көбүнчө уй бакканга аракет кылабыз. Болжолу менен 300-400дөй уй бар. Этке берип, сүтүн сатып акча табабыз. Жашаган жерибиз эки тоонун ортосундагы чоң жолдо жайгашкандыктан, көбүнчө уйлар асфальт жолдо тизилип туруп калат же тобу менен өтөт. Анан ошого карап айыл акыркы 20-25 жылдан бери "Индия" деп аталып келет. Тамашалап "булар уйга сыйынат" дешет. Кээде "Бомбей" дешет. Кеңеш десең көп биле бербейт. Келечекте уй чарбачылыгын мындан ары да өркүндөтүп, жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуу менен эт, сүт багытындагы мал багалы деп жатабыз", — деди айыл башчы.
Кочкордогу Тайвань айылы
Жергиликтүү кеңештин депутаты Айбек Искеналиевдин айтымында, Тайвань айылы эки суунун ортосунда жайгашкан.
"Кызыл-Дөбө менен Мантыш айылынын ортосун эки чоң суу бөлүп турат. Ошол эки суунун ортосунда Кызыл-Дөбөнүн 25-30дай түтүнү жашайт. Ал жактагыларды "тайвандыктар" (Кытайдагы аралдын аты — ред.) деп коюшат. 1960-жылдардан бери аталышы ушундай. Илгери бош турган жер экен. Бара-бара коңшу Чоң-Алыш айылынан башкарма, дүкөнчү, бригадир, мугалим болуп эмгектенгендер ишине карап көчүп келген экен. Агездеги кишилерден бирин-экин эле калды. Мен өзүм ушул айылда турам. Жамандык, жакшылыкка барганда бизди "тайвандыктар" деп тергешет. Аны уккан адам сөзсүз тарыхына кызыгып суроо узатат", — деди аймактын тургуну.
Тайвандыктар бардык айыл жашоочулары сыяктуу эле дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет.
Оштогу Швейцария
Чоң-Алайдын өзүнүн Швейцариясы бар. Жергиликтүү жашоочу Улукбек Карыбек уулунун айтымында, айылдын картадагы аталышы Шибе.
"Айыл мен эс тарткандан бери ушинтип тергелип келет. Эгерде Швейцарияны Шибе деген сөзгө уйкаштырып атап алды десеңиз, жаңыласыз. Биздин айылдын жаратылышы кооз, тоосу бийик, бак-дарактуу жер. Жайкысын өзгөчө ажайып көрүнөт. Ошондуктан бизди "швейцариялыктар" дешет. Дыйканчылыктын бардык түрүн колго алганбыз", — деди Карыбеков.
Кадамжайдагы Тамаша айылы
Тамаша айылынын картадан Маданий-Курулуш деп табасыз. Ал Баткендеги Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө карайт.
Аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Зияда Баатырованын айтымында, Тамаша айылы тууралуу уламыш кептер бар.
"Чыңгыз хандын тушунда айылда Мык баатырдын хандыгы турган. Анын аппак тордун ичинде эркелетип караган Бегимжан аттуу токолу болгон. Ошол мезгилде жуңгарлар жана калмактар Мык баатырдын хандыгына бастырып келип, бирок көрсөтүлгөн каршылыктан улам айылга өтө алган эмес. Баскынчылар Сох дарыясынын аркы өйүзүндө турушкан. Мык баатыр аларды жеңүү жолун ойлоп таап, бир гана токолу Бегимжанга айткан болот. Бирок токолу душмандардын башчысы менен көңүлдөш болуп тымызын байланышып турган. Ал Мык баатырдын дарыядан өтүп, аларды басып алуу жөнүндөгү айла-амалын көңүлдөшүнө жеткирип коет. Мунун кесепетинен Мык баатыр душмандарына жеңилип калат. Баатыр токолун чыккынчылыгы үчүн элдин алдына алып чыгып, чачын аттын куйругуна байлап, "эрине жана элине чыккынчылык кылган аялдын жазасы ушундай болот, шермендени карап тамаша кылгыла" деп көпчүлүктүн ортосуна кое берген экен. Ошондон улам кийин бул айыл эл оозунда "Тамаша" деп аталыптыр", — деп тарыхына токтолду жооптуу катчы.
Учурда айылда 650 түтүн калк жашайт. Эл негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенет. Зияда Баатырова кошумчалагандай, айылда социалдык объектилер жетишсиз. Тагыраагы, бала бакча, маданият үйү, коомдук мончо жокко эсе, ошондой эле таза суу көйгөйү башкы орунда.
Париж айылы
Бул жердин расмий дагы аталышы жок. 30дай түтүндү камтыган аймак Суусамыр өрөөнүндө, тагыраагы, Төө-Ашуудан түшө бериште Ош — Бишкек жолунун боюнда жайгашкан. Жергиликтүү тургун Бакыт Нусубалиев эмне себептен Париж аталып калганына токтолду.
"Париж деп жолдон такай өткөн айдоочулар атаган. 90-жылдардын башынан тарта эл келип отурукташа баштаган. Ашкана ачып иштеткендер көбөйгөн. Анан кечкисин үйдүн, тамактануучу жайлардын жарыгы кооз көрүнөт эмеспи, бөтөнчө өйдө жактан түшүп келе жатканда жаркырап турат. Мындан улам, айдоочулар "Париж" атап алышкан. Азыр кафелерден сырткары унаа оңдоочу, май куюучу жайлар, мейманкана иштейт. Мал чарбачылыгы менен алектенип, сүт азыктарын сатабыз. Мектеп жок болгондуктан балдар туугандардыкында окуп, бизге дем алыш күндөрү келишет", — деди Нусубалиев.
Нарындагы Ыртыс айылы
Эгер айдоочуга Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылына жеткирип кой десеңиз, кайра сизден дарегин сурашы мүмкүн. Тургундары бул жерди "Ыртыс" деп айтышат. Ошол жакта жашаган Айжан Бекмуратованын айтымында, Ыртыстын туура айтылышы РТС, ал эми чечмелениши — Ремонтно-техническая станция.
"Союз убагында бул жакта унаа оңдой турчу ири гараж болгон. Жеңил унаадан тарта трактор, комбайн, КамАЗдарга чейин оңдоп-түзөп беришчү. Бара-бара элдер иштеген жумушуна карап отурукташа баштайт. Элибиз ар кошкон, башкача айтканда, Ак-Талаанын 17 айылынан чогулуп жашап калганбыз. 1995-жылдары Кайыңды-Булак айылы деген аталышка ээ болдук. Анткен менен тургундар, жада калса райондогулардын баары "Ыртыс" дегенге көнүп алган. Бизде жалпысынан 100дөн ашык түтүн жашайт", — деди Бекмуратова.