Импотенцияны дарылоонун эки жолу бар. Урологдун кеңеши

Дарыгер импотенцияны өз алдынча дарылоо туура эместигин, "алсыроонун" алгачкы белгилери пайда болгондо эле уролог-андрологго кайрылуу керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Эркектин бел күчүн калыбына келтирүүнүн эки жолу бар. Алар кайсы ыкмалар экенин Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты Зуфар Хакимходжаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Биринчи ыкмасы — дары-дармек, укол, мазь жана гелдер. Мындан тышкары, жыныстык органдагы кандын жүгүрүүсүн жакшыртуучу терапияларды жасаган аппараттар жардам бере алат. Бирок кээ бир учурда бул нерселер да алсыз болот. Анда операция кылууга туура келет", — деп түшүндүрдү Хакимходжаев.

Адистин айтымында, дарылоонун эки жолу тең көпчүлүк учурда оң таасирин берип, кийин эркектин сексуалдык жактан толук кандуу, сапаттуу өмүр сүрүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле дарыгер импотенцияны өз алдынча дарылоо туура эместигин, "алсыроонун" алгачкы белгилери пайда болгондо эле уролог-андрологго кайрылуу керектигин эскертти.