Иммунитетти көтөрүүнүн эң оңой 5 ыкмасы айтылды

Окумуштуулардын иликтөөсүнө 14 өлкөдөн 11 миң киши катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Лондон университетинин окумуштуулары иммунитетти көтөрүүнүн табигый беш ыкмасын аташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматта ден соолукту чыңдоо үчүн дайым эле дары-дармек иче берүү орунсуз. Анын ордуна антибактериалдык, антиоксиданттык касиетке ээ шалфей өсүмдүгүн пайдаланууга болот. Ал дем алуу органдарын чыңап, суук тийүүнүн алдын алат.

Сындан кетирип... Диетолог кыргызстандыктарды семирткен азыктарды атады
Мындан тышкары, бузина мөмөсү да абдан пайдалуу. Иликтөө көрсөткөндөй, грипп менен ооруп, бузина ширесин ичкен 18-54 жаштагы бейтаптар дары ичкен адамдарга караганда 3-4 күн эртерээк айыккан.

Булардан тышкары, иммунитетти ачык түстөгү азыктар, жер-жемиштер жана жашылчалар көтөрөт. Ооруп жаткан киши бир жума бою помидор, апельсин, баклажан, дарбыз жесе, тез сакаят.

Ага кошумча сарымсак, орегано, куркума, имбирь cыяктуу татымалдар зат алмашууну тездетип, ашыкча салмактан арылтат.

Суук тийүүдөн жашылча жана жемиштердин ширеси да жакшы сактайт. Болгону аны сыгып, дароо ичүү керек. Булардын курамындагы магний нерв системасына оң таасирин тийгизип, ден соолукту чыңдайт.

Окумуштуулардын иликтөөсүнө 14 өлкөдөн 11 миң киши катышкан.