БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Австралиянын 59 жаштагы жашоочусу Хелен Ричардсты унитазга жашырынган питон чагып алгандыгын BBC жазды. Окуя аял туугандарыныкына конокко келип, ажатканага киргенде болгон.
Хелен Ричардс жергиликтүү журналисттерге унитазга отура бергенде "бирөө капыстан уруп" жибергендей болуп кеткенин айтып берген.
"Ордумдан секирип тура калып карасам, таш бакага окшогон узун мойну бар жаныбар унитазга сойлоп кирип бара жатыптыр", — деген ал.
Кесипкөй болуп, жедеп үйрөнүп бүткөн Жасмин Зелени жыландар адатта ысыганда же суу издегенде мындай жайларга кирип кетишерин айтып берди. Маалыматта аялдын жылан тиштеп алган жери атайын каражаттар менен тазаланып, өтө деле кооптуулук жаратпай турганы айтылган.
"Хелен унитазга отурганда сыртка чыкканга ыңгайлуу жер жабылып калгандыктан жаныбар коркуп кеткен", — деп айтып берген адис аял.
Мындай питондор Австралиянын чыгыш жээктерин бойлой көп кездешет.
Австралияда учурда жай, эки жумадан бери мээ кайнаткан ысык кетпей турат. Кээ бир аймактарда күндүн ысыгы 47 градуска жетип жаткан чагы.
Аптаптан жапайы жаныбарлар жабыркап, жылкылар, балыктар жана жарганаттар жапырт кырылган учурлар кездешүүдө.