Абылгазиев: "Кыргыз темир жолунун" азыркыдай абалына жол бербеш керек

2019-2025-жылдарга карата Темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы сыяктуу стратегиялык объектинин азыркыдай абалда калышына жол берилбеши керек. Темир жол транспорту тармагындагы абалды кескин өзгөртүү үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу зарыл. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев темир жол транспортун өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн. Анда 2019-2025-жылдарга карата темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды. Маалыматка ылайык, документ премьер-министрдин тапшырмасы менен иштелип чыккандыгын билдирди.

"Сунушталган концепциянын алкагында ишканаларды башкаруунун жаңы модели — акционерлештирүүнү түзүү планыбыз бар. Баштапкы этапта жүк жөнөтүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап жатабыз. Биз бул темир жол тармагын өнүктүрүү үчүн кошумча каржы ресурстарын тартууга шарт түзөт деп эсептейбиз", — деген "Кыргыз темир жол" ишканасынын жетекчиси Канатбек Абдыкеримов.

Абылгазиев: Кара-Балта — Балыкчы багыты боюнча электричка курууну көздөп жатабыз
Ал темир жол транспорту фондуларын жаңылоо жана модернизациялоону каржылоого мамлекеттик жана жеке катышуу механизмдерин киргизүү пландаштырылып жатканын кошумчалаган.

"Компаниянын ишинин ачыктыгын жогорулатып, инвестицияларды натыйжалуу пайдалануу үчүн келечектеги акчалай каражаттардын агымын тыкыр талдоого алуу зарыл. Темир жол комплексинин иш алып баруу принциптерин түп-тамырынан бери кайрадан карап чыгуу керек", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасын акционерлештирүүгө тийиштүү чараларды тездетүүнү тапшырды.