Радио

Абдуллаев: топ-лигада төрт эле клуб чемпиондук наам үчүн күч сынашат

Спорттук баяндамачы Эркинбек Абдуллаев футбол боюнча Азия кубогундагы Кыргызстандын ийгилиги ички чемпионатка дагы жакшы өзгөрүүлөрдү алып келерин болжолдоду.
Sputnik
Абдуллаев: топ-лигада төрт эле клуб чемпиондук наам үчүн күч сынашат

Үч жылдан бери Кыргызстандын топ-лигасындагы беттештер сыналгы аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп келет. Бул тууралуу Эркинбек Абдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, футболго коомчулук тарабынан суроо-талап бар, ошондуктан акыркы жылдары футбол таймаштары телеканалдардан жазуу иретинде эмес, түз эфирде баяндалууда.

"Азия кубогундагы ийгиликтерден кийин ички чемпионатта жакшы өзгөрүүлөр болот. Акыркы жылдары топ-лиганын оюндары дагы жакшырды. Үч жылдан бери негизги оюндар түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Бул ички чемпионаттын деңгээли, кадыры көтөрүлүп, эл тарабынан суроо-талап бар экендигинен кабар берет. Бирок топ-лигада командалар өтө аз. Ашып кетсе төрт клуб чемпиондук наам үчүн күч сынашат, калганы тажрыйба топтоо үчүн эле ойноп жүргөндөй элес калтырат. Клубдардын санын көбөйтүп, сапатын жогорулатуу керек. Буюрса быйыл Ысык-Көлдөн команда кошулат деп жатышат. Аймактардагы командаларды колдоого алуу зарыл. Мисалы, Таластан бир дагы команда жок", — деди Абдуллаев.

Ошондой эле ал Кыргызстандын келечектеги курама командасын кураш үчүн бир позицияга резервдик күч жетиштүү экенин кошумчалады.