БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Пенза облусунда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктар Казакстандын чек арасына кирип кайра келе жаткан. Бул туурасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Улан Кошматов билдирди.
Кошматовдун айтымында, кырсыктаган мекендештер Москвада иштеп жүрүшкөн. Каргаша шаардан 700 чакырым алыстыкта болгон.
"Айдоочунун жанында 54 жаштагы киши, ошонун эле артында 26 жаштагы келин отурган. Алар автоунаалар сүзүшкөндө эле жан берген дешти. Эки киши ооруканада жатат, айдоочу жана дагы үч мекендешибиз жаракат алган эмес. Каза болгондордун сөөгү учурда Пензадагы өлүкканада сакталууда. Туугандары чыгып кетишкен, бүгүн түнү Москвага алып келишет. Эртеңден сөөктү Кыргызстанга жиберебиз", — деди Кошматов.
Мерт болгон келин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, ал эми эркек киши Ош облусунун Өзгөн районунан экени айтылат.