Россияда кыргызстандыктар каза болгон жол кырсыктын сүрөттөрү жарыяланды

Кырсыктын кесепетинен 53 жаштагы эркек менен 25 жаштагы аял көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Пенза облусу боюнча башкы башкармалыгы эки кыргызстандык каза тапкан жол кырсыктын сүрөттөрүн жарыялады.

Каргашалуу окуя 24-январь күнү болгон. Анда Toyota Alphard автоунаасы Нижний Новгород — Саратов жолунун 420-чакырымында жүк ташуучу ГАЗ унаасы менен кагышкан.

​Алдын ала маалыматтарга караганда, автокөлүктүн ичинде Кыргызстандын сегиз жараны болгон.

Ведомствонун маалымат кызматы жеңил унаанын рулунда 50 жаштагы адам болсо, жүк ташуучу унааны 24 жаштагы жигит башкарып бара жаткандыгын кабарлады.

​Кырсыктын кесепетинен 53 жаштагы эркек менен 25 жаштагы аял көз жумду. Жеңил унаадагы эки аял ооруканага түштү. Калган төрт жаран, анын ичинде айдоочу жаракат алган жок.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.