Нурмагомедов беттештен кийин Макгрегордун командасына атырылган себебин айтты

Россиялык мушкердин айтымында, Макгрегордун командасындагы Диллон Дэнисон гана мушташууга ылайыктуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегордун командасынын мүчөсү 25 жаштагы Диллон Дэнисонго эмне үчүн атырылганын айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги MMA Junkie уюмуна таянуу менен билдирди.

"Дэнис беттеш учурунда эмне деп айтканын укканым жок. Башка бурчта турган Конордун командасынын мүчөлөрү менен машыктыруучулары картайып калгандыктан ага атырылдым. Ал мени менен эле тең, андыктан мен ага секирдим", — деген пикирин Нурмагомедов айткан.

Россиялык мушкер 2018-жылы 6-октябрда АКШда өткөн UFC 229 турниринин алкагында Конор Макгрегорду жеңип, чемпиондук титулун коргоп калган

Хабиб Нурмагомедовдун спорттон качан кетерин атасы айтып берди
Беттештен кийин Нурмагомедов ачуусу менен буга чейин эле намысына тийип жүргөн Макгрегордун спарринг-өнөктөшүн тордон секирип өтүп ур-соккуга алып, жаңжал чыгарган. Мунун кесепетинен эки мушкердин командасы, ошондой эле көрүүчүлөр да мушташып кеткен. Натыйжада Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы аралыктан иликтөө ишин жүргүзгөн. Нурмагомедовду беттештен четтетүү коркунучу бар экендиги айтылып келет.

Нурмагомедов ММАде 27 беттештин жеңүүчүсү, ал эми Макгрегор 21 мелдешти утуп, төрт жолу жеңилген.