Кытайга 11 тоннадан ашык эшек терисин алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Сүрөт

Топтолгон материалдардын бардыгы облустук тергөө органдарына тапшырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бажы кызматынын өкүлдөрү "Торугарт" көзөмөл бекетинен Кытайга бара жаткан МАN үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда ондатрдын терисинин алдынан декларацияда көрсөтүлбөгөн 11 тоннадан ашык эшек териси чыккан. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Незаконная перевозка 11 тонн ослиных шкур в Китай

Эшектин терилери ондатрдын териси деп документке толтурулган. Кармалган эшек терисинин баасы 500 миң сомдон ашат. 

Незаконная перевозка 11 тонн ослиных шкур в Китай

Топтолгон материалдардын бардыгы облустук тергөө органдарына тапшырылды.