Финляндия ТИМи Кыргызстанга берем деген 400 миң еврону уурдатып ийди

Кыргызстанда Финляндия ТИМи ПРООН менен биргеликте "Сот адилеттүүлүгүнө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү" сыяктуу долбоорлорду ишке ашырып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финляндиянын Борбордук криминалдык полициясы ири шылуундук боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Sputnik International агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин эсебинен хакерлер 400 миң евро уурдап алышкан.

"Бул каражат Кыргызстанда БУУнун өнүктүрүү программасы боюнча укуктук тармакты жакшыртууга жумшалмак. Финляндия тарап акчаны былтыркы жылдын февраль айында тиешелүү эсепке которгон. Бирок ал көздөлгөн дарекке жетпей калган. Полициянын версиясы боюнча ортодон хакерлер ПРООНдун серверин талкалап кирип, уюм кызматкерлеринин атынан кат жазышкан", — деп айтылат маалыматта.

Сокулукта майыптардын тигүүчү машиналары менен үтүктөрү уурдалды
Кийин акча которулган банктык эсеп аталган уюмга тиешелүү эмес болуп чыккан. Полиция эсепти тоңдуруп, акчанын жарымынан көбүн кайтарып алууга жетишти. Бирок кылмышкерлер 170 миң еврону чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Тоноо иштерине үч адам шектелип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Финляндия ТИМи ПРООН менен биргеликте "Сот адилеттүүлүгүнө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү" сыяктуу долбоорлорду ишке ашырып турат.