БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 23-январда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда "Чыгыш" түтүгүндө көңдөйчө бар экени аныкталганын "Бишкекжылуулуктармактары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин шаардагы кичирайондордун тургундары үйлөрүндө ысык суу жок экенин айтып, социалдык тармактарга жазышкан болчу. Ал эми "Электр станциялары" мекемесинин маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Бишкек ТЭЦи менен башка бардык объектилер кадимки режимде иштеп жатканын айткан.
"Көк-Жар кичирайонундагы 7-Апрель көчөсүндө түтүктөн көңдөйчө табылды. Аны оңдоо үчүн 24-январда жылуулук тармактары резервдеги түтүктөргө которулган", — деп айтылат маалыматта.
24-январдын кечинде түтүктөгү көңдөйчө жок кылынып, жылуулук берүү калыбына келтирилген. "Бишкекжылуулуктармактарынан" кабарлашкандай, 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги чыккан буу авария эмес.
"Ал көңдөйчөнү жоюу үчүн аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги түтүктөн ысык суу чыгарылып, ал аябай бууланган", — деп мекемеден маалымдашты.
Учурда жылуулук түтүктөрү кадимки режимде иштеп жатат. "Бишкекжылуулуктармактарынын" кызматкерлери кичирайондордогу үйлөрдү кыдырып текшерип жатат.