БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө кыргыз-түрк достугуна арналып салынган оорукана быйылтан тарта иштей баштайт. Бирок так күнү тактала электигин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.
"2019-жылы ачылат деп күтүлүп жатат. Азырынча так датасы белгилүү боло элек. Жабдууларды алуу жана дарыгерлерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Оорукананын имараты курулуп бүткөн", — дешти министрликтен.
Жаңы салынган имарат "Кыргыз-түрк достук ооруканасы" деп аталары да кабарланган болчу.
Оорукана негизинен 150 кишиге ылайыкташтырылып, заманбап диагностикалык жабдуулар коюлмакчы. Толук курулуп бүткөндөн кийин Бишкек мэриясынын карамагына берилери айтылган.