БИШКЕК, 25-янв. – Sputnik. Интернетти коргоо, анын ичинде интернет-жөнгө салуу тармагындагы Россия менен Кытайдын саясатына каршы мыйзам долбоорун конгрессчилер палатага киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бул долбоорду палатанын эл аралык комитетинин башчысы демократ Эллиот Энгель менен комитеттеги республикачылардын лидери Майкл Маккол киргизген. Эки партиянын мындай мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышы анын кабыл алынуу мүмкүндүгүн жогорулатат. Анткени палатада демократтар үстөмдүк кылса, сенатта республикачылар көп.
Документте Россиянын, Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын маалымат коопсуздугу тармагында эл аралык кодекс боюнча демилгеси тууралуу да айтылат. Бул мамлекеттер көтөргөн демилгеде терроризм, сепаратизм же экстремизмди жайылткан маалыматтарды чектөө, этникалык, расалык жана диний маңыздагы чакырыктарга тыюу салуу каралган. Шанхай кызматташтыгы уюмунун тышкы иштер министрлери 2018-жылы апрелде маалымат айдыңында өзүн жоопкерчиликтүү алып жүрүү боюнча универсалдуу эрежени иштеп чыгуу керектигин көтөрүшкөн.
Конгрессмендер дал ушул кодекстер "башка саясий көз караштарды чектөө үчүн шылтоо катары колдонулушу мүмкүн" деген пикирде.