Салымбеков Крестининдин КР командасын качанкыга чейин машыктырарын айтып берди

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин өз эмгегинин үзүрүн көргүсү келет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин менен КРдин Футбол федерациясынын ортосунда бүгүн сүйлөшүүлөр жүрөт. Бул тууралуу "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ошол жолугушуунун жыйынтыгы менен насаатчынын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аныкталат.

Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, Крестинин Кыргызстандын командасын 2022-жылы Катар мамлекетинде боло турган футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке даярдоого оозеки макулдугун берген.

"Бүгүн Футбол федерациясында Крестининдин мындан аркы машыктыруучулугу боюнча маселе каралат. Буга чейинки оозеки сүйлөшүүлөрдө ал Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын мындан аркы бийиктиктерге жетелеп, өз эмгегинин үзүрүн көргүсү келгенин айткан. Андыктан бүгүн эки тараптуу келишимге кол коюлуп, Крестинин 2022-жылы боло турган дүйнөлүк биринчиликке да улуттук команданы даярдайт деп ойлойм", — деди Салымбеков.

Ал башкы насаатчы оюнчуларды эле эмес, келечектеги машыктыруучуларды да даярдай тургандыгын кошумчалап өттү.

Белгилей кетсек, Александр Крестинин 2014-жылдан тарта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын машыктырып келет.