Футбол мыктылары президент Жээнбековдон кандай сыйлык алышты. Тизме

Оюнчулар футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучуларына, оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.

1 / 7
Семетей Султанов, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти. "Даңк" медалы;
2 / 7
Александр Крестинин, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу. "Данакер" ордени;
3 / 7
Аскар Салымбеков "Дордой" спорт клубунун президенти. III даражадагы "Манас" ордени";
4 / 7
Кыргыз Республикасынын КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү: Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев. "Даңк" медалы менен сыйланды;
5 / 7
КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эдгар Бернхардт, Жыргалбек уулу Кайрат, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел Матяш, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Дениэл Тего, Нии Армах Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты;
6 / 7
Виталий Люкстун ыраазычылык сөзү
7 / 7
Турсунали Рустамовдун сыйланышы

Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

— Семетей Султанов, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти. "Даңк" медалы;

— Александр Крестинин, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу. "Данакер" ордени;

— Аскар Салымбеков "Дордой" спорт клубунун президенти. III даражадагы "Манас" ордени";

— Кыргыз Республикасынын КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү: Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев. "Даңк" медалы менен сыйланды;

— Нурбек Исмаилов, КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын дарыгери, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" ардактуу наамы;

— Игорь Кудренко, КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы ыйгарылды;

— КРдин футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эдгар Бернхардт, Жыргалбек уулу Кайрат, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел Матяш, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Дениэл Тего, Нии Армах Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты;

"Кутман байке, бешти берчи!". Кыргызстан футболчуларын аэропорттон тосуп алган сүрөттөр
—Команданын башка мүчөлөрү Одилжон Абдурахманов, Эржигит Акаев, Калысбек Акималиев, Айзар Акматов, Азамат Алыкулов, Асан уулу Айткожо, Муролимжон Ахмедов, Игорь Бабынин, Эрнист Батырканов, Дмитрий Гуреев, Закир Жалилов, Бахтыяр Дүйшөбеков, Кутман Кадырбеков, Тамирлан Козубаев, Виктор Майер, Фархат Мусабеков, Канат Ракишев, Турсунали Рустамов, Бекжан Сагынбаев, Сало Владимир, Талант Самсалиев, Павел Синегубов, Евгений Фролов, Николай Южанин, Мустафа Юсупов Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган.

Бирок бул оюнду социалдык тармактын Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү колдонуучулары мыкты беттеш болгондугун, Кыргызстандын курама командасынын артыкчылыгын белгилешти.