Жээнбеков футболчуларга сыйлык тапшырып, ыраазылыгын айтты

Мамлекет башчы футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана Бишкекте эл аралык деңгээлдеги стадион курууну сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мамлекеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
2 / 2
Президент Азия Кубогуна катышуу курама команда үчүн жакшы салт болоруна ишеним артарын белгиледи.

"Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунда болсо, быйыл 91-орунга чыктык. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат", — деп белгиледи Жээнбеков.

Футболчуларды аба майдандан эл кантип тосуп алды. Видео
Президент Азия Кубогуна катышуу курама команда үчүн жакшы салт болоруна ишеним артарын белгиледи. Анын айтымында, бул жолку жагымдуу окуя командага чеберчилигин өнүктүрүүгө жана эл аралык беттештерди кабыл алууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекет башчы футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана Бишкекте эл аралык деңгээлдеги стадион курууну сунуштады. 

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган.