БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Пенза облусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки КР жараны каза болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилиги таратты.
Билдирүүгө ылайык, каргаша 24-январь күнү болгон. Мында Toyota Alphard Нижний Новгород — Саратов жолунун 420-чакырымында жүк ташуучу ГАЗ унаасы менен кагышкан.
"Алдын ала маалымат боюнча минивэнде Кыргызстандын 8 жараны бара жаткан. Эки киши алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Дагы эки адам шаардык ооруканага жеткирилип, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Айдоочу менен калган үч жүргүнчү жабыркаган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик укук коргоо органдарына расмий сурам жөнөткөнүн белгилеп, иш көзөмөлдө экенин кошумчалады.