БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Интернетте жана WhatsApp тиркемесинде топтошкон адамдардын эки кишини баш көтөртпөй сабаган видеосу тарап, анын алдына окуя Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда болгон деп жазылган.
Соцтармакта тараган видеодон топтошкон эркектерди көрүүгө болот. Арасында аялдар да жүрөт. Бери жактагы эки киши бир нерселерди талашып-тартышып сүйлөшүп турат. Дагы эки киши бир эркекти ур-токмокко алып сабап, бир нече секунддан кийин тепкиге алынган киши качып кеткен. Андан кийин топтошкондордун ортосунда мушташ чыгып кеткенин көрүүгө болот. Аягында ур-токмокко алынгандардын бири акыл-эсин жоготуп жатып калган.
Ал эми ИИМ жарандарга интернетте же башка социалдык тармактарда чагымчыл видео, аудио же чакырыктарды тараткандар Кылмыш кодексинин 313-беренесине ("Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу") ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Эгер ушул сыяктуу фактылар катталып калса, ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну өтүнөт.
ИИМ азыркы тапта аталган видеону тараткан адам кармалып, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.