Кыргызстандын карызы ай сайын он миллиондогон долларга өсүүдө. График

Былтыркы жылдын башында Россия Кыргызстандын 240 миллион долларлык бересесин кечкенден кийин мамлекеттин карызы азая түшкөн. Бирок күз айларынан тарта абал өзгөрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызы акыркы айларда миллиондогон долларга өсүп бара жатат. Мындай бүтүмгө Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарды иликтеп жатып келүүгө болот.

Дүйнө өлкөлөрүнүн мамкарызынын ИДПга болгон катышы кандай? Кыргызстандын абалы
Мисалы, былтыркы жылдын ноябрь айында (акыркы ачык маалымат) мамлекеттик карыз 4 миллиард 477,4 миллион долларды түзгөн. Октябрь айында бул көрсөткүч 50 миллион долларга төмөн болсо, сентябрда андан дагы 62 миллионго азыраак болчу.

Эске салсак, 2018-жылдын январь айында мамлекеттик карыз 4,6 миллиард долларга жеткен. Бирок Россия аласасын кечкенден кийин 4,4 миллиард долларга түшүп калган. Бирок күз айларынан тарта кайрадан көтөрүлө баштады.